Жалал-Абад облусунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан 7 килограммдан ашык гашиш баңгизатын сатып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Милициянын жүргүзгөн ыкчам иш-чарасынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенген адам тууралуу маалымат түшкөн.
"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жалал-Абад облустук милициясы менен биргеликте "Сатып алуу" аталышындагы рейд жүргүзүшкөн. Анын алкагында төрт-беш жолу жалпы салмагы 417 граммды түзгөн гашиш сатып алынган. Жыйынтыгында мыйзамсыз ишке шектүү катары Тогуз-Торо районунун 50 жаштагы К.Т. аттуу тургуну аныкталган. 23-сентябрда облустун Сузак районунда кезектеги операция учурунда Хонда Одиссей унаасында жети килограммга жакын баңгизатын сатып жаткан жеринен К.Т. аттуу жаран колго түшүрүлгөн.
Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жалпы салмагы 6 килограмм 940 грамм гашиш алынган. Буга чейин сатып алынган заттарды кошкондо баары 7 килограмм 357 граммга жеткен. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда", - деп жазылат маалыматта.