Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарында №203 маршруттук таксинин айдоочусу эне-баланы коляскасы менен кичи автобуска салбай, күч колдонуп чыгарып салган. Аталган айдоочу иштен алынган. Ленин РИИБи аталган окуядагы айдоочуга "майда бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымат катчы учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатканын кошумчалады.
Айдоочусу 1984-жылы туулган М.Б. экендиги аныкталып, ал төмөндөгү түшүндүрмөнү берген: "Бир жыл мурун да ушундай окуя болуп, анын кесепетинен кичи автобустун ичиндеги адамдар жабыркап, алардын чыгымын төлөгөм, ошол себептүү колясканы салонго салган эмесмин. Бул үчүн жалпы коомчулуктан кечирим сурайм", - деп билдирген.