"Анын каалаганы - байлык". Роналдунун апасы уулунун үйлөнүү үлпөт тоюна каршы

"Манчестер Юнайтед" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналдунун апасы Долорес Авейро уулунун модель Жоржина Родригес менен боло турчу үйлөнүү үлпөт тоюна каршы экендигин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Авейро уулунун үлпөт той өткөрүүсүнө каршы. Ал Родригести Роналдунун акчасына жана байлыгына гана кызыкдар деп эсептейт. Апасынын айтымында, футболчу Родригестин сөзүнөн чыкпай калды. Мындан улам Авейро уулу менен болгон мамилеси сууп баратканын айтат", - деп жазылат маалыматта.

Айтмакчы, буга чейин Авейро Роналдуну "Спортингге" кайтып келүүсүн өтүнгөн.

Белгилей кетсек, Роналду Жоржина Родригес менен 2016-жылдан бери бирге. Азыркы учурда түгөйлөр 4 баланы тарбиялап келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
anandi
2021-10-01 01:16:36
Кыргыздарда эле келин кайнене маселеси курч экен десе,биякта да кеп жаткан турбайбы,апакеси Роналдунун сүйүүсүнө бүт тоспонуз төрт баланы жакшы тарбиялап жатышат,балдарга кыйын болот экөө эки башка жолго тушсо
+16
Asyl.jazi
2021-10-01 10:47:00
Апасы баласыны кызганып жатабы же байлыгыны. 4 балалуу болуп туруп эми үйлөнүү той өткөрүшөбү?
Атам менен апам тоюнда өлө бийлегенбиз деп айтып калышат экен да)))
+8
akmanai
2021-10-02 00:08:08
Ааа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан