8-ноябрь күнү Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Ташчайнар талантын тартуулайт

Эртең, 8-ноябрда Бишкектеги  Кааба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда  “Ташчайнар” аттуу каймана  атка  ээ Нурлан Алишеров өз өнөрүн тартуулайт.  Анын  айтымында, "Ташчайнар талантын тартуулайт" аталышындагы  концерт айтылуу Кожомкул балбандын 125 жылдыгына  арналган. Ошондой  эле  Нурлан мырза:  “Жакында Кожомкул атабыз аян берген. Ошондон улам Кожомкул атабыздын аты өчпөсүн, эл ичинде дагы эскерилсин деген максатта бул маданий иш-чараны уюштуруп жатам. Мен өз атымды жайылтуу же башка максатым жок. Азыркы жаш муундардын залкар инсандарыбыздын ким экенин билбегени өкүндүрөт”,- деп кошумчалады.  Анан  дагы  айта кетсек,  ал күнү төкмө акындар, ырчылар жана Ташчайнардын шакирттери өз өнөрлөрүн тартуулашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан