Ошто 37 жаштагы эркек кишинин өлүмүнө шектелген 22 жаштагы кыз 1 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди Ош шаардык соту 29-сентябрь күнү чыгарган.
Окуянын чоо-жайы:
"Кенч" кафесинин алдындагы аянтта кебетеси азиялык болгон 35-40 жаш чамасындагы Мирбек аттуу киши сол бутунан жаракат алып, ооруканага кайрылган. Ыкчам тергөө тобу ооруканага барган кезде жабырлануучу каза болуп калгандыгы аныкталган. Ал эми окуя болгон кафенин алдындагы аянтта кандын тактары бар экендиги аныкталган. Маркумдун ак түстүү футболкасы, көк түстүү жынсы жана ак түстөгү крассовкиси далил катары алынды.
Каза болгон жарандын жансыз денесине соттук-медициналык эксперттин катышуусундагы сырттан кароо жүргүзүлүп, сол санында кесилген жаракаты аныкталып, анын каза болуусунун себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 138-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.