Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын социалдык тармактарга жарыяланган сүрөт, видеолору бул ирет да "көз жаздымда" калбай, кайрадан талкуу чордонуна түштү.
Жарыяланган сүрөт, видеолордон өлкө лидери чач жасалгасын өзгөрткөнүн байкасак болот. Ал эми коомчулук Ким Чен Ындын мындай образын "Крестный отец" тасмасында роль жараткан Аль Пачиного окшошуп калыптыр" деп сынга алышууда. Ошондой эле жыйынга келе жатканда Ким Чен Ынды аткаминерлердин кол чаап тосуп алгандарын көрүүгө болот.
Ал эми бул сүрөттөр КЭДРдин Жогорку элдик Ассамблеясынын жыйынында тартылган.