Биз социалдык тармакта

Бүгүн кезек кайсы аймакта? Бишкектеги электр жарыгы өчүрүлө турган аймактардын тизмеси

1-октябрда Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында электр жарыгы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.

Бишкек шаарында 1-октябрга карата электр жарыгы үзгүлтүккө учурай турган аймактардын тизмеси:

  • 9:30дан 13:30га чейин Элебаев көч менен кесилиши, Медеров, Саратов, Пархоменко, Кокандский туюк көч;
  • 9:00дөн 13:00гө чейин Ак-Өргө (Алты-Бакан, Жаңыл Мырза, Кырк-Кыз, Кербез көч-ү), Лущихин көчөсүнүн кесилиши;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин Тынчтык конушу, Арча-Бешик конушу (Кожомкулов көч №6 үй);

  • 9:00дөн 18:00гө чейин Ак-Босого конушу (Чүй көч, № 42-46 үйлөр), Арча-Бешик (Алты Түтүн, Чортеков, Ак-Тан, Кара-Кужур көч-ү), Түлөбердиев, Чүй көч-ү №19 үй;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин Кочкор-Ата көчөсүнүн кесилиши, Падыш-Ата, Гагарин, Сосновый туюк көчөсү;
  • 9:30дан 18:00гө Шакиров көч №35 үй, Көк-Жар конушу (Ой-Терскен, Жеңижок, Тоң, Коңорчок, Куйручук көч-ү), Рухий-Мурас конушу;
  • 9:00дөн 19:00гө чейин Ак-Бата конушу (ул.№№8 -20), Чүй көч, №№30, 32, 34, 36 үйлөр.

"Түндүк электр" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан