"Кийинки жылы социалдык шаарга көчүрүлөт". Контейнерде жашап жаткан июнь коогалаңында жабыр тарткан 8 үй-бүлөнүн көйгөйү

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Суу районунун Ачы массивинде 2020-жылдан бери контейнерде жашап жаткан 8 үй-бүлөдөн кабар алды. Бул үй-бүлөлөр июнь коогалаңында жабыр тарткандар экенин өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашат.
Ош облусунун башчысы тургундардын көйгөйү менен жеринен таанышып, электр жарыгы жана турак жай маселесин чечип берүүнү убада кылды.
"Сиздердин жашоо шартыңыздарды жеринен көрүүгө атайын келдим. Бул жердеги 8 үй-бүлөгө тезинен жардам беришибиз керек экен. Оор шартта жашаган үй-бүлөлөргө Кара-Суу районунда курулуп жаткан социалдык шаарчадан батир берүү маселесин карап жатабыз. Ага чейин электр энергиясын тартуу, кышкысын көмүр менен камсыздайбыз. Кийинки жылы социалдык шаарчанын курулушу бүтөт. 8 үй-бүлөнү ошол жакка көчүрөбүз", - деди Зиядин Жамалдинов.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен бул үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана ун берилет, 10-октябрда ар бир үй-бүлө көмүр менен камсыздалып, 25-октябрга чейин электр энергиясы тартылып, таза суу менен камсыздалат.
Маалымат үчүн: Июнь окуясынан жабыркаган 8 үй-бүлө 2020-жылга чейин Төлөйкан айылында убактылуу күн кечирип келишкен. Аталган тургундар 2020-жылдан бери Ачы массивинде ӨКМ тарабынан коюлган убактылуу үйлөрдө жашап жатышат. Алар үчүн 2013-жылы Ачы массивинен ар бирине 6 сотыхтан жер бөлүнүп берилип, бирок электр энергия сыяктуу көйгөйлөрү чечилбей келген. Былтыркы жылы 8 үй-бүлөгө көмүр, акчалай жардамдар берилип, күндөн кубат алуучу электр энергиясын берүүчү жабдыктар орнотулган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан