Дүйнө жүзүндөгү эң улгайган жашоочу Натабай Тинсиеу 127 жашында Эритреядагы алыскы Азефа айылында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, анын небереси Зере Натабай чындыгында чоң атасы 127 эмес, 137 жашта болгонун айтып келет. Бирок он жыл бою туулгандыгы тууралуу фактыны каттата алган эмес. Ошентсе да Натабай Тинсиеу 1894-жылы туулган деп жазылган.
Маркумдун небереси Гиннес өкүлдөрү менен байланышып, атасынын өмүрүнүн узактыгы тууралуу маалыматты рекорддор китебине жаздырганын белгилеген.
Буга чейин эң көп жашаган адам катары япониялык Жироемон Кимура тизменин башында болуп келген. Ал 116 жашында 2013-жылы каза болгон жана анын ушунча жыл жашагандыгы такталган.