Лазат Нуркожоева: "Сулууларга таанышуу видеороликти даярдоонун үлгүсүн мен көрсөтүп кеттим, быйыл баары мени туурашты"

"Кыргызстан сулуусу-2020" сынагынын жеңүүчүсү Лазат Нуркожоева 30-сентябрда Бишкекте өткөн сулуулар сынагына катышты. "Кыргызстан сулуусу-2021" сынагы баш калаадагы ресторандардын биринди уюштурулуп, анда таажы үчүн 31 бийкеч өз ажарын, талантын көрсөтүштү.

SUPER.KG порталы өткөн жылы бул сынакты жеңип алган Лазат Нуркожоеваны кепке тарттык.

"Быйыл кыздар арасында абдан күчтүү атаандаштык бар экен. Өткөн жылы сынакка катышкан кыздар атаандаш болгонубуз менен абдан ынтымактуу элек. Бул жылы кичинекей кыздар бири-бирине атаандашып жатышат. Өткөн жылы мен таанышуу видеороликти сапаттуу жасап кеткенден кийин быйыл баары роликти даярдоого маани беришиптир. Арасында туурагандар да бар. Көбү менин ролигимди үлгү катары көрсөтүшүп, ушундай болсун деп даярдашкан", - деди Нуркожоева.

Лазат Нуркожоеванын өзүн тааныштырган видеоролиги төмөндө:

Лазат Нуркожоева президент Садыр Жапаровдун бир тууган агасынын кызы. Өткөн жылы өлкө сулуусу наамын жеңип алгандан кийин SUPER.KG порталына маек берген. Ал маекти бул шилтемени басып көрө аласыз.

"Буга чейин 20дан ашык сулуулар сынагына катышкам" дейт "Мисс Кыргызстан-2021" сынагынын жеңүүчүсү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Antiradikal3
2021-10-01 11:24:48
Ата данкы менен кыз өтөт, мата даңкы менен бөз өтөт демекчи, авасынын атак-данкы менен мисс Кыргызстан болгон да бул кыз........
+12
Mister-XXX
2021-10-01 16:49:49
Лазат бетине красканы ашыкча эле чаптап алган го...
+10
Marni
2021-10-01 17:34:21
Садыр атаңдын кадыры үчүн гана жүрөсүң.
+10
Omyke
2021-10-02 00:49:31
Ааа Эми Садыр атандын барында сеникин туура эмес дегендин мээсинде кемтиги бар болуп чыгат да))
+6
VENOM
2021-10-02 07:25:30
Жалаң эркектер комментарий калтырыпсынарго эу
+4
Nur2021
2021-10-02 10:06:47
мышык да майга жетбей сассык деген экеен...
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан