Эквадор өлкөсүнүн Гуаякиль шаарында абактан чыккан чыр-чатактан улам 116 адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Басылмалардын маалыматына ылайык, азыркы учурда 116 адам каза болгону жана 80 адам жаракат алганы белгилүү. Өлкө башчысы 60 күнгө өзгөчө абал режимин киргизүү жарлыгына кол койду.
Эквадордун президенти Гильермо Лассо мындай абалды трагедиялуу окуя деп мүнөздөгөн.
"Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар абакта бийлик үчүн күрөш жүргүзүү жайына айлантканы абдан өкүнүчтүү", - деген президент Гильермо Лассо.
Гуаякиль шаарындагы абактагы жаңжал шейшемби күнү орун алган. Алдын ала маалыматтар боюнча, мындай окуя ар түрдүү кылмыштуу топтордогу адамдардын отосундагы пикир келишпестиктен келип чыккан. Абакта абал көзөмөлгө алынды.