Ошто сарайдан өрт чыгып, турак үйгө, коңшу эки сарайга өттү. Анын кесепетинен жем, чөп, отун жана мал жандык күйдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрт 30-сентябрда чыкты.
Белгилүү болгондой, Кара-Суу районунун Ак-Таш айылында сарайдан өрт чыкты. Анын кесепетинен жалпы аянты 90 чарчы метр турак үй жана 150 чарчы метр эки кабаттуу сарай толугу менен күйүп, өрт жанаша салынган эки сарайга өтүп, чатырлары күйдү. Ошондой эле жалпы 300 түк чөп, 8 тонна отун, 2 тонна тезек, 500 килограмм жем, 6 баш кой жана үй тиричилик буюмдары күйдү.
Өрттү өчүрүүгө жалпы эки бөлүм тартылып, саат 15:46да чектөөгө алынып, 19:51де өрт толук өчүрүлдү.
Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.