Биз социалдык тармакта

Баткенде шифер ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа күйүп кетти

Баткенде оор жүк ташуучу унаадан өрт чыгып, курулуш каражаты күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, тилсиз жоо түндө катталган.
1-октябрга караган түнү саат 02:35 чамасында Лейлек районунун Коргон айылында (Ош-Исфана унаа жолунун 328-чакырымында) Вольво үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа толугу менен күйдү. Унаада 1275 даана шифер болгон.
"Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 04:06да өрт толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда", - дешет мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан