Тажикстан жана Ооганстан чек арасына куралдуу күчтөрүн тарта баштады

Тажикстан менен Ооганстан чек арасына куралдуу күчтөрүн тарта баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Ооганстандын атайын бөлүктөрүнүн он миңдеген аскерлери Тажикстан менен чектеш Тахар аймагына чогулуп жатат. Өз кезегинде, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Дүйшөмбү менен Кабулду кырдаалды жөнгө салуунун тынчтык жолдорун табууга чакырды.

"Биз буга тынчсызданып жатабыз. Жалпы чек арага эки тараптын куралдуу күчтөрү жайгаштырылгандыгы тууралуу маалыматтар түштү. Талибдердин айтымында, Ооганстандын түндүгүндөгү Тахар провинциясында атайын күчтөрдүн он миңдеген бөлүктөрү жайгаштырылган", - деген Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алексей Зайцев.

Буга чейин Ооганстанды басып алган "Талибан" кыймылы Тажикстанга чектеш аймагына миңдеген жан кечтилерди жөнөткөндүгү кабарланган. Тажикстан өз кезегинде Ооганстанга чектеш Дарваз аймагында президент Эмомали Рахмондун катышуусунда аскердик парад өткөргөн.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Medina87
2021-10-01 11:17:49
Парад Пайда береби деп Эмомали катуу кыялданбады бекен((
+6
alinsan
2021-10-01 12:21:42
Алла Таала адилеттуу,калыс зат, улуу Рамазан айында тынч жаткан момун пенделерин олтуруп, тируулорун кайгыга салган заалымдардын сазайын берсин ылайым!!!
+9
alimbek94
2021-10-01 13:00:50
Дин менен жашасак укмуш бактылуу болуп кетебиз деген популисттик идеялардын баары калп. Динди ашкере кууган талибтер менен таджиктер эмнеси менен бактылуу болушту. Экоо сонушканы турушат.
-11
Asyl.jazi
2021-10-01 15:11:41
alimbek94,ал мамлекеттерде дин боюнча түшүнүк аз жана болсо дагы динсиздер башкарат. Динге асылбай өзүңдүн жолуң менен тынч эле жашай бер. Жараткан сага дагы ыйман берсин.
+8
Tynar1213
2021-10-01 16:10:52
alimbek94, батыштын жугундукорлору
+3
Tyttty1990
2021-10-01 13:08:44
Шакал таджик көрөм эми не кылат экен
+9
marat-ju
2021-10-01 14:49:30
Таба эмес тооба кылайлы. Согуш жакшылыкка алып келбейт бизге да зыяны тийет. Баарыбызды Кудай колдосун садага болоюун туугандарым
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан