Бүгүн, 1-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында өтө турган күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн кыргыз балбандары учуп кетишти.
Кыргыз балбандары Бишкек-Стамбул-Осло багыты боюнча учушкан.
Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан күрөштүн грек-рим түрү боюнча 8, эркин күрөш боюнча 4 жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 3 балбан катышат.
Дүйнө чемпиондугу эртең, 2-октябрда башталат.