Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айыл округунун башчысы Н.Х., анын шериги М.С., ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу Б.Б. коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, кармалгандар жеке кызыкчылык максаттарын көздөп, Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерге жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну узак убакыт бою жүргүзүп келишкендиги аныкталган.
30-сентябрда бул адамдарга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу үчүн бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.