Ош шаарында түн ичинде жол кырсыгы катталып, 3 киши жаракат алды. Учурда жабырлануучулар ооруканада экенин Ош шаардык кайгуул милициясынын маалымат кызматынан кабарлашат.
Белгилүү болгондой, 1-октябрга караган түнү шаардагы Осмонов көчөсүндөгү мончонун жанында Дэу Нексия жана ВАЗ унаалары сүзүшкөн. Анын кесепетинен Дэу Нексия унаасынын 1967-жылы туулган айдоочусу, бир жүргүнчүсү, ал эми ВАЗ унаасынын 1999-жылы туулган айдоочусу жаракат алып, шаардык ооруканага жеткирилди.
"ВАЗ унаасынын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кеткен", - дешти мекемеден.