Бүгүн, 1-октябрда активист Айсулуу Кудайбердиева УКМКга суракка чакыртылып, бирок сурак берген жок. Бул тууралуу активист өзүнүн видео кайрылуусунда айтты.
"Биз УКМКга келгенден кийин тергөөчүнү 40 мүнөттөй күттүк. Бирок ал байланышка чыккан жок. Менин уюлдук телефонум УКМКнын имаратында калды", - деди Кудайбердиева.
Айсулуу Кудайбердиева УКМКга алгач 29-сентябрда чакыртылган.