Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген "King Choice" сайтындагы онлайн добуш берүүнүн жыйынтыгы менен "Азиядагы эң сулуу мырза" деп табылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Аталган сайттын маалыматына ылайык, ырчы 9 миллион 304 миң 871 добуш топтоого жетишкен. Ал эми 8 миллион 197 миң 925 добуш менен 2-орунду Түштүк Кореядагы "BTS" тобунун ырчысы Ким Сок Жин (Kim Seokjin) ээлеген.
Ал эми 3-орунга түштүк кореялык ырчы, актёр жана модель Чха Ын У (Cha Eunwoo) жайгашты. Анын эсебинде 1 миллион 918 миң 514 добуш бар.
Кийинки орунга таиланддык актёр Уин Метавин (1 миллион 669 миң 561 добуш) жайгашса, ал эми 5-орунду 1 миллион 460 миң 407 добуш менен ошол эле өлкөнүн актёру Брайт Вачиравит Чиваари (Vachirawit Chivaaree) ээледи.
Түштүк Кореянын белгилүү актёру Ли Мин Хо бул сынакта 950 миң 445 добуш менен 6-орунга жайгашкан.