Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери электрондук чылымды (вейп) толтурууга керектелген гашиш баңги затын аткезчилик жол менен ташып кирүүгө аракет кылгандарды кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн атайын иликтөө итеринин натыйжасында, 1990-жылы туулган Чүй облусунун К.Ф аттуу жараны кармалган. Ошондой эле шектүү жарандан ичинде белгисиз суюктугу бар айнек флакондор жана "saucey" деген жазуусу бар, өзгөчө жытка ээ сары түстөгү капсула түрүндөгү түтүкчөлөр табылган.
Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында, жогорудагы шек жараткан зат гашиш баңги каражаты экендиги аныкталган.
Ал эми кармалган шектүү жаранга Жазык кодексинин 270-беренесине ылайык (Кыргыз Республикасынын чек арасы аркылуу алып өтүү үчүн атайын эрежелер белгиленген каражаттардын аткезчилиги) кылмыш иши козголуп, №1 тергөө абагына камакка алынган.
Учурда атайын кызматкерлер тарабынан аталган иштин үстүнөн тергөө иш-аракеттери уланып жатканы айтылат маалыматта.