Легендарлуу бразилиялык футболчу Пеле ооруканадан чыкты

Легендарлуу бразилиялык футболчу Пеле кечээ, 30-сентябрда ооруканадан чыкты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Пеле социалдык тармактагы баракчасына ооруканадагы медициналык кызматкерлер менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирген.

"Мага камкордук менен мамиле кылышкандыгы үчүн Альберт Эйнштейн атындагы госпиталдын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирем. Үйүмө кайтып келгениме кубанычтамын", - деп жазган ал.

Эскерте кетсек, буга чейин 80 жаштагы футболчу Пеле эс-учун жоготуп, ооруканага жаткырылгандыгы жазылган.

Кийинчерээк Пеленин кызы Кели Насименту дарыгерлер операция жолу менен атасынын жоон ичегисиндеги шишикти алышканын, абалы жакшы болуп калганын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиргени кабарланган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан