Эл аралык издөөдө жүргөн Кытай жараны Бишкектен кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май РИИБине экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине издөөдө жүргөн чет элдик жаран Бишкекте жашырынып жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. 1979-жылы туулган Кытай жараны 24-сентябрда кармалды.

"Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 392-беренеси (Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасын атайылап мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча шектелген чет элдик жаранга издөө салган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иштин материалдары Казакстанга өткөрүп берүүнү уюштуруу үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан