Францияда 35 жылдан бери бети ачылбай келген кылмышка шектүү аныкталды. Кылмышкер полиция кызматы дээрлик 30 жылдан ашуун убакыттан бери издеп келген Рябой каймана аты бар кылмышкер экендигин ачыктап, андан соң өзүнүн жанын кыйды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кылмышкер 59 жаштагы мурдагы укук коргоо кызматкери Франсуа Веров болгон. Ал Франциянын түштүк аймагындагы Гро-дю-Руа курорттук шаарчасында жашап келген. Өз жанын кыйганга чейин жазып калтырган катында 1980-1990-жылдар аралыгында жасаган кылмыштарын моюнга алган. Тергөө кызматы Франсуа Веровдун бармак издерин кылмыш болгон жердеги издерге салыштырып, чындыгында эле кылмышкер Франсуа Веров экендигин аныкташкан.
Рябой каймана аттуу кылмышкер 1986-1994-жылдар аралыгында 3 киши өлтүрүү, 6 зордуктоо фактысына шектелген. Алгачкы кылмышын 1986-жылы Парижде жасаган, анда 11 жаштагы кызды зордуктап, андан соң муунтуп өлтүргөн. Бирок ушул убакытка чейин кылмыш ишинин бети ачылбай келген.