Коронавирустан атасынан айрылган, Анжелика таажы таккан... "Кыргызстан сулуусу-2021" сынагынын жеңүүчүсү Алтынай Ботоярова жөнүндө маалыматтар

30-сентябрда Кыргыз өлкөсүнүн сулуу бийкечи аныкталды. Алтын, күмүштөн жасалган таажынын ээси 16 жаштагы Алтынай Ботоярова болду.

SUPER.KG порталы 2021-жылдын сулуу бийкечи тууралуу жеке маалыматтарды топтоду.

Туулган жылы, жери: 2004-жыл 27-декабрь, Бишкек шаары.

Бою 173 сантиметр, салмагы 50 килограмм.

Үй-бүлөдө: 5 бир туугандын ортончусу. Агасы, эжеси, иниси жана сиңдиси бар.

Билими: Бир канча орто мектептерде билим алган, 9-классты "Билимкана" мектебинде аяктаган.

Катышкан сынактары: "Мисс фэшн", "Мисс татына" жана башкалар. 9 жашында Москвага Зайцевдин мода сынагына катышкан, Украинада өткөн "Дүйнөнүн мини сулуусу" сынагында вице-мисс наамын ээлеген, Казакстанда өткөн сулуулар сынагына катышкан.

Учурда: Орто Азиядагы Америка инновациялык колледжинде дизайнер-интерьер адистиги боюнча 2-курста билим алат, моделдик менен алектенет.

Алдыдагы максаттары: Кийинки жылы "Аалам сулуусу" сынагына катышуу. Анданы тышкары башка сынактарда ат салышуу, окуу жайды ийгиликтүү аяктап, кыргыз жери, эли үчүн кызмат кылган инсан болуу. Ар дайым өнүгүүнүн үстүндө иштөө.

"Мен борбор калаада төрөлгөм. Бирок атамдын жерлиги Оштон. Моделдик жааттагы сынактарга 11 жылдан бери, тагыраагы 5 жашымдан бери катышып келем. Кичинекей кезимден эле сахнага жакынмын, бул тармак мага абдан кызык".

Ырчы Анжеликанын сулуулук салонунун жүзү. "2020-жылы сулуулар сынагына катышып, "Алтын таажыны" жеңгем. Ошондо таажыны ырчы Анжелика кийгизген. Ошондон бери эже-сиңдидей мамиледе болуп, иштешип келебиз. Мындан ары деле сулуулук салонунун жүзү болгонго даярмын".

"Мага ата-энем ар дайым колдоо көрсөтүп келет. Апам өзгөчө күч-кубат берип турат, аябай ыраазымын. Ата-энем болбосо бул деңгээлге жетмек эмесмин. Моделдик жаатта жүрүшүмө, сынактарга катышуума жакындарымдын арасында каршы болгондор жок".

"Коронавирус инфекциясынан улам 2020-жылы атамдан айрылдык. Мен бардык ийгиликтеримди атама арнайм. Мен анын колдоосун сезем".

Жаш экенине карабай бир катар тепкичтерди басып келе жаткан Алтынай жаныбарлардан атты жакшы көрөт. Ал эми спорттон лыжа жана сноуборд тебүүгө кызыгат.
Алтынай Ботоярова
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ErkinOkenovich
2021-10-01 20:24:37
Бактылуу омурлуу бол карындашым
+5
surgeon777
2021-10-02 10:43:36
Ушинтип акцент менен суйлобой эле койгулачы,тим эле ата-эненер омур бою орусча суйлогонсуп...кыргыздын эле кара тоголок кызы экенсин,экиленип акцент(типа орус чалыш) кошконун жарашпаптыр.
+6
alimbek94
2021-10-02 11:27:44
Азаматсын Алтынай. Ишине ийгилик. Дайыма ушундай сулуу, жаш, жагымдуу болуп журо бер. Кыргыз кыздарынын сулуулугун даңазалаган иш чараларды коп откоруп турушса.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан