"Улутум түрк, урааным Манас!". Манас айткан алгачкы түрк кызы Мүзеййен Иналөз менен маек

Манасты бир гана кыргыздар айтат десек жаңылышабыз. Дүйнөдө көлөмү боюнча теңдеши жок эпосубуз башка элдердин да назарында. "Манас" эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча тизмесине Кыргыз өлкөсүнүн атынан катталганы эпостун жайылышына чоң шарт түздү. Манас айткан алгачкы түрк кызы деп таанылган Мүзеййен Иналөз SUPER.KG порталына маек берди.

- Саламатсызбы Мүзеййен? Алгач өзүңүз тууралуу кыскача маалымат берсеңиз.

- Саламатчылык. Мен 1989-жылы Түркиянын Эдирне шаарында төрөлгөм. Балалыгым ошол жерлерде өткөн. Бишкекте 5 жылдан бери жашайм. Азыр болсо Кыргыз-Түрк Манас университетинде түркология бөлүмүндө магистратурада окуп жатам. Үй-бүлөлүмүн, бир кызым бар.

- Кыргыз тилин канча убакытта үйрөндүңүз? Оор болдубу?

- Мен 2016-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетинин даярдоо курсунда 1 жыл кыргыз тилин окудум. Кыргыз тили менен түрк тили тектеш болгондуктан, эч кыйынчылыксыз үйрөндүм десем болот.

- Кантип манас айтып калдыңыз? Буга эмне себеп болду.

- Алгач манас айтуу мен үчүн сыймык экендигин айткым келет. Эпосту айтуудан мурун түшүмө Манас атабыздын мүрзөсү кирген. Анан университетте жарыяланган манас айтуу сынагына катышып калдым. Мени бул кароого манасчы Ширин Сарыгулова даярдады. Учу кыйырсыз Манас дүйнөсүнө тартып турган түшүнүксүз бир күч пайда болду.

- Негизи көпчүлүк учурда кыргыз кыздарынын манас айтуусун үй-бүлөдө колдошпойт. Мындан кабарыңыз барбы? Сиздин шагыңызды сындыргандар болгон жокпу?

- Ооба, кабарым бар. Башында устатым кыздар манас айтышпайт деген. Бирок каалоом күч болгондуктан бул сөздөргө кулак салган жокмун. Сынакка абдан жакшы даярданып 1-орунду алдым. Кудайга шүгүр, эмне болсо да мага эч ким тоскоол болгон жок. Тескерисинче, мени менен сыймыктанышты. Үй-бүлөм да, досторум да колдошту. Мен манас айткан алгачкы түрк кызы болдум. Бул тууралуу Түркиядагы басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

- Эпосту окуп чыгып, мазмунун түшүнө алдыңызбы?

- Ооба, мен "Манас" эпосун окуп чыктым. Дастандын маанисин түшүндүм. Эгерде мен эпостун ичин түшүнбөсөм, аны кантип айтмак элем? Адамдар түшүнбөгөн жана билбеген жолго киришпеши керек. Анткени ошол жолдо адашып каласың же көздөгөн максатыңа жете албайсың.

- Манас айтып жатканда кандай сезимдер болот?

- Манас эпосун айткан сайын өзүмдү ал жерде жашап жаткандай сезем. Көз алдыма Манас, Каныкей, Семетей, Сейтек жана башка каармандар тартылат. Кээде ыйлайм, анткени эпостун күчү ушунчалык чоң. Эпостогу эң жакшы көргөн каарманым Манас. Ал “Кулалы таптап – куш кылдым, курама жыйып – журт кылдым” деп кыргыз элинин башын бириктирген. Каныкей да мен сыйлаган каармандардын бири. Ал жомоктогу күчтүү жана таасирдүү аял.

- Мындан аркы пландарыңыз кандай? Манас айтууну улантасызбы?

- Ооба, мен улантам деп үмүттөнөм. Бирок бул үчүн кыргыз манасчылары мени колдоп, туура жолду көрсөтүшү керек. Манас эпосу кыргыздардын улуттук сыймыгы. Манас эпосун, Манас бабабызды тарыхый инсан катары дүйнөгө таанытуу ар бир кыргыздын ыйык парзы. Бул дастан кыргыздарга эле эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнө таандык деп билем. Аны коргоо - биздин милдетибиз. Улутум түрк, урааным Манас!

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Сизге бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан