Испаниянын атактуу "Барселона" футболдук клубунун учурдагы абалы оор. Клуб Чемпиондор Лигасын эң жаман көрсөткүч менен баштады. Тагыраагы тайпадагы алгачкы оюнда "Бавария" клубуна 0:3 эсебинде жеңилсе, экинчи турдук оюнда Португалиянын "Бенфика" клубуна ушундай эле эсеп айырмачылыгында жеңилди.
Муну менен "Барселона" тайпада 0 упайы менен акыркы орунда. Бул тайпада "Бавария" 6 упайы менен биринчи орунда. Экинчиде 4 упай чогултакан "Бенфика" турса, үчүнчүдө 1 упайы бар киевдик "Динамо". "Барселона" учурда Чемпиондор Лигасында "Мальмё" клубунан кийинки эң начар команда. "Мальмё" клубунун көрсөткүчү эки оюнда 0:7.
"Барселона" дээрлик 50 жылдан бери Европа мелдештеринде мындай коркунучтуу башталышты башынан өткөргөн эмес. Каталондуктар Европада 1966/67 жана 1972/73 жылдагы сезондорду эки жеңилүү менен башташкан. Бирок бул Чемпиондор Лигасы эмес, УЕФАнын Кубогу болчу.
Акыркы жолу "Барселона" клубу 2000/2001-жылдагы сезондо Чемпиондор Лигасынын тайпасынан чыга алган эмес. Ошол убакта алар "Бешикташ", "Лидс" жана "Милан" клубу менен бир тайпада болчу.
"Барселона" тайпадан чыгуу үчүн эмне кылышы керек?
Учурдагы календарь абалды оңдоо үчүн абдан ылайыктуу: үчүнчү турдук оюнда "Барселона" киевдик "Динамону" өз үйүндө кабыл алса, тайпадагы башкы атаандаштар "Бенфика" жана "Бавария" бири-бири менен кез келет. Демек, бул оюнда эки команданын бири упай жоготот. Дагы бир ыңгайлуу сценарий 5-турдук оюн. Бул оюнда "Барселона" өз үйүндө "Бенфиканы" утушу керек. "Камп Ноудагы" жеңиш "Барселонаны" плей-оффко чыгара алат.
Дагы бир баса белгилей кетүүчү жагдай, тайпалык баскычтагы 2 оюнда, тагыраагы 180 мүнөт бою "Барселона" бир дагы жолу каршылаштарынын дарбазасына таамай сокку узата алган жок. Бул клубдун тарыхындагы өтө начар көрсөткүч.