Орусия полициясы Москвадагы Василий Блаженский чиркөөсүнүн астынан сүйлөшкөн кызы менен адепке ылайык келбеген сүрөттөргө түшкөн тажикстандык Руслан Бобиев аттуу блогерди кармады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык Руслан Бобиев Василий Блаженский чиркөөсүнүн астынан тартылган сүйлөшкөн кызы экөөнүн жосунсуз сүрөттөрүн социалдык тармактагы баракчаларына жүктөгөн. Ошондой эле сүрөттөрдүн астына: "Эмгек кодекси бул Кылмыш-жаза кодекси эмес. Аны бузса боло берет" деп жазып калтырган ал.
Бул сүрөттөр бир катар интернет колдонуучулардын нааразычылыгын жараткан. Алардын көбү ыйык жайдын астында интимдик сүрөткө түшкөн деп айыптап, блогерди Орусиядан чыгарууну талап кылышкан.
Ал эми Руслан Бобиев полиция тарабынан кармалып, жасаган жоругу үчүн кечирим сураганы маалым болду.