АКШнын Техас штатында 17 жаштагы Бенжамин аттуу өспүрүм уйку-соонун арасында эгизи Меганга бычак менен кол салып, өлтүрүп алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылды.
Алгачкы суракта ал эгизинин моюнунда бычак сайылып турганда ойгонуп кеткенин айткан. Бул түшү эмес, өңүндө болуп жатканын түшүнгөн Бенжамин дароо жарыкты күйгүзүп, Мегандын моюнундагы сайылган бычакты алып, алгачкы жардам көрсөткөн. Андан соң "Тез жардам" кызматын чакырган. Бул учурда ата-энеси башка бөлмөдө уктап жатышкан. "Тез жардам" кызматы келгенге чейин Меганга жасалма дем алуу жасап турган.
Ал эми бул үй-бүлөнүн жакын кошунасы дагы деле бул окуяга ишене албай жатканын, эгиздер бири-бири менен жакшы мамиледе болгонун айткан.
Полиция кызматы учурда тергөө иштерин жүргүзүп жатышканы айтылат маалыматта.