"Миндул" тайфуну Токиодогу миңдеген үйлөрдү жарыксыз калтырды

Япониянын борбору Токиого жакындап келген "Миндул" тайфуну (чоң толкунду пайда кылган бороон-чапкындуу тропиктик циклондун жергиликтүү аты) алты миңден ашык үйдү жарыксыз калтырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Япониядагы жергиликтүү аэропорттордо 350 рейс жокко чыгарылып, поезддердин кыймылы токтотулду. Тайфун учурунда шамалдын ылдамдыгы саатына 162 чакырымды түзүп, Токиого 150 миллиметрдеги жаан-чачын жааган.

Тайфун башталган борбордун жана Идзу аралынын тургундарына үйлөрүнөн чыкпоо сунушталды. Ошондой эле япон өкмөтү жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча айтыла электигин билдирет.

Поезд жана учактан тышкары Токио менен өлкөнүн чыгыш аралдарын байланыштырган паромдор иштебей калган.

Эскерте кетсек, 26-сентябрда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Кытайдын Сычуань провинциясында жер көчкү жүрүп, кеминде 10 киши дайынсыз жоголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан