Дүйнө чемпиондугу: Орус балбандары бет каптын жоктугунан Амстердам шаарынан Ослого уча албай калышты

Эркин күрөш боюнча Орусиянын улуттук курама командасынын машыктыруучусу Жамболат Тедеев жана бир нече балбан Амстердам шаарынан Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн Ослого учуп жатканда учактан чыгарылды. Мындай маалыматты аталган өлкөнүн басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, башкы машыктыруучу Тедеевден тышкары улуттук команданын мүчөлөрү Тимур Бижоев, Евгений Жербаев жана Абасгаджи Магомедов, ошондой эле Олимпиаданын эки жолку чемпиону Абдулрашид Садулаев учактан чыгарылган. Алардын баары учактын бортундагы бет кап тагынуу эрежесин бузушкан. Тактап айтканда, аларда бет кап жок болгон.

Мындан улам алар аэропортко түнөөгө мажбур болуп, 1-октябрда гана Ослого учушкан.

Абдулшрашид Садулаев "Рио-2016" жана "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону. Ошондой эле Дүйнөнүн жана Европанын 4 жолку чемпиону.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurbek11
2021-10-02 15:31:20
Спорт акыркы жылдары спорт эмес эле саясат болуп калды. Р.ф жана аные союздаштарына пчык эле ар тараптан басым жасап жатышат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан