Күлкү келтирип... Мас абалда болгон. Түркияда жоголду делинип издөөгө алынган жаран ыктыярчыларга кошулуп өзүн-өзү издеди

Түркияда жоголду делинип издөөгө алынган 50 жаштагы Бейхан Мутлу аттуу жаран мас абалда болгондуктан ыктыярчылар тобуна кошулуп өзүн-өзү издеп жүрө берген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык Бейхан Мутлу достору менен токойдо ичкилик ичип отурган жеринен туруп кеткен. Андан соң жолдоштору аны таба албай, полиция кызматкерлерине кайрылышкан.

Бейхан Мутлунун жоголгону тууралуу кабар тез арада айылга тарап, жүздөгөн ыктыярчылар түнү менен чогулуп, аны издей башташкан.

Издөө ишине катышкандар токой аралай анын атын атап кыйкырып издешкен. Ошол маалда Бейхан Мутлу издөө тобунда пайда болгон жана "Биз кимди издеп жатабыз? Бейхан Мутлу менмин" деген.

Изделип жаткан Бейхан Мутлу мас абалында болгондуктан, бир саат бою топ адамдар менен өзүн-өзү издеп жүрө бергени белгилүү болгон.

Полиция кызматы дароо издөө иштери токтотулганын маалымдап, Бейхан Мутлуну үйүнө жеткирген. Ал эми анын достору бул окуяга таң калышып, досунун аман-эсен экендигине сүйүнүп жатканын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан