2021-жылы калк үчүн жылытуу тарифи өзгөрбөйт жана Гигакалория/1134,76 сом өлчөмүндө калат. Бул тууралуу маалымат жыйында министрлер кабинетинин биринчи орун басары Азиз Аалиев билдирди.
Анын айтымында, кийинки жылытуу мезгилинен тарта калк үчүн тарифтер 10 пайызга жогорулайт (орточо эсеп менен 1 бөлмөлүү батирди жылытуу үчүн төлөмдүн айырмасы айына болжол менен 82 сомду же жылытуу мезгилине 410 сомду түзөт).
2021-жылы калк үчүн ысык сууга болгон тарифтер дагы өзгөрүүсүз калат жана Гигакалория/981,76 сомду түзөт.