Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-сентябрь күнү саат 10:30 чамасында Ноокен райондук ооруканасынын "Тез жардам" бөлүмүнүн дарыгери 102 номерине чалган. Анда Ноокен районунун Масы айыл аймагындагы жол четиндеги эгин талаадан Ноокен районунун 1973-жылы туулган Ж.М. аттуу тургундун жансыз денеси жаткандыгын билдирген.
"Бул факты ошол эле күнү Ноокен РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейнки өндүрүш иши башталган.
Жалал-Абад ОИИБинин жана Ноокен РИИБинин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун 2002-жылы туулган жана 2003-жылы туулган (18ге чыга элек) эки тургуну кармалган. Шектүүлөр тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя кандай болгонун жеринде көрсөтүп беришкен.
Окуяга шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы Ноокен райондук сотунда каралып, А.Ж. аттуу шектүү 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми К.А. өспүрүм болгондуктан Ноокен райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан ата-энесинин колуна өткөрүп берилген. Учурда тергөө амалдары уланууда", - деп жазылат маалыматта.