АКШ Ооганстандагы аскердик бөлүгүнө 358 миңден ашуун курал-жарактарын таштап кеткен. Мындай маалымат чет элдик басылмаларда жазылды.
Маалыматка ылайык, АКШ Ооганстандагы аскердик базасын чыгарып кеткенден кийин "Талибан" кыймылына 22 миң брондолгон унаа, 358 миң автоматтык мылтык, 176 замбирек, 8 миң жүк ташуучу унаа, аскердик транспорт учактары жана 100дөн ашуун тик учагын калтырган.
АКШ бул курал-жарактын баарын Ооганстандан алып чыгып кете алган эмес. Алар аскердик базада калган техникаларды жана тик учактарды колунан келишинче талкалашкан.
Буга чейин АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен башкы штабынын төрагасы Марк Милли АКШ Ооганстандагы 20 жылдык согушта жеңилгенин билдирген.
Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.