Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен үй толугу менен, бастырма жана сарай күйгөн.
Жалпы аянты 150 чарчы метрди түзөт. Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылды. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.