Бишкектеги Бакыт өргөөсүндө көп жыл бирге түтүн булатып, тең арып, тең карыган түгөйлөр бриллиант, изумруд жана алтын үлпөт тоюн белгилешти. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-30-сентябрда жана бүгүн, 1-октябрда бул иш-чара болуп өткөн.
Иш-чаранын максаты - салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу жана үй-бүлө институтун бекемдөө.
Иш-чаранын алкагында бриллиант үйлөнүү тоюн 6 жуп, изумруд үйлөнүү тоюн 13 жана алтын үлпөт тойду 28 түгөй белгилеген.