UFC: "Эртең беттеш". Антонина Шевченконун көз караш дуэли болуп өттү (видео)

Бүгүн, 2-октябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC мушкери, жеңил салмактагы UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченконун бир тууганы Антонина Шевченконун көз караш дуэли болуп өттү.

Ал эртең, 3-октябрда "UFC Fight Night" турниринин алкагында австралиялык Кейси О'Нилл аттуу мушкер менен кез келет.

Пантера каймана аты бар 36 жаштагы кыргыз мушкеринин карамагында азырынча 8 жеңиш (2 нокаут) жана 3 жеңилүү бар.

Ал эми Кейси О'Нилл быйыл 2021-жылы 2 беттеш өткөрүп, бирөөсүн техникалык нокаут, дагы бирин муунтуу ыкмасы менен жеңген.

16-майга караган түнү АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдешинин алкагында Кыргыз өлкөсүнөн чыккан мушкер Антонина Шевченко АКШ мушкери Андреа Ли менен беттешип, жеңилип калган.

Антонина Шевченконун көз караш дуэли болуп өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан