Түркмөнстанда 30 жыл кулчулукта жүргөн Орусиянын Уфа шаарынын тургуну туулган жерине кайтып барды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 1990-жылдын 31-декабрында 19 жаш кезинде Гульбина Гильванова Советтер Союзунун жараны болгондуктан, Түркмөнстанга жигитинин ата-энеси менен таанышуу үчүн барган. Андан кийин СССР чачырап, бирок ал туугандары менен кат аркылуу кабарлашып турган. Көп өтпөй эле анын дайыны чыкпай калып, жакындары андан үмүт үзүшкөн.
Ал ошончо жылдан бери Түркмөнстанда ондогон үй-бүлөгө малай болуп, анын акчасын сүйүктүүсү алып турган. Аны туугандары тирүү деген маалыматты уккан соң жергиликтүү бийликке, андан кийин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго кат жөнөтүшкөн.
Мындан улам бир туугандар жолугушуп, учурда аны үйүнө алып келүү жана жарандык берүү боюнча иштер башталган. Кулчулукта жүргөн жарандын балдары бар же жок экендиги айтылган эмес.