Мөмө-жемиштер боор оорусунун себептеринин бири катары таанылды. Бул тууралуу орусиялык эндокринолог Зухра Павлованын билдирүүсүнө таянып, жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мөмө-жемиштерди көп колдонуу боор ооруларына алып келет. Бул көйгөйдү болтурбоо үчүн жемиштерди пайдаланууда аларды бөлүп кароо жана ашыкча колдонуудан алыс болуу зарыл.
Дарыгер мөмөлөрдүн курамында углеводдор, глюкоза жана фруктоза бар экенин эске салды. Данектүү мөмөлөрдө глюкоза көп, фруктоза азыраак. Ал эми жемиштерде фруктоза көп, глюкоза азыраак. Мисалы, алмада фруктоза көбүрөөк болсо, өрүктө глюкоза басымдуулук кылат.
Мөмө-жемиштерди жегенде адам глюкоза менен фруктозаны алат, бул инсулиндин бөлүнүшүнө алып келерин жана протеин боор ооруларынын алдын алууга жардам берерин кошумчалаган.
Мындан тышкары дарыгер мөмө-жемиштерди башка тамак-аштар менен чогуу пайдаланууну сунуштайт.