Өлкөдөгү көзгө басар жөө күлүктөрдүн бири болгон Дарья Маслова карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады

Жеңил атлетика боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү Дарья Маслова карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Мен бул жаңылыкты кыргыз эли жана күйөрмандарым менен бөлүшкүм келет. Мен көпкө ойлондум жана өзүм үчүн абдан оор чечим чыгардым. Менин профессионалдык карьерама чекит коюуга убакыт келди!

Айтып кетейин дегеним, Кыргыз өлкөсүндө спортту колдоо керек. Улуттук спорттун түрлөрү маанилүү, бирок башка түрлөрүн дагы унутпоо керек. Мамлекет бир күнү өзүнүн баатырларын, өлкөнүн патриотторун байкап, биз албаган тийиштүү колдоону көрсөтөт деп ишенем", - деп жазды Маслова.

Мындан тышкары ал жеке машыктыруучусуна, күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирген.

Дарья Маслова эки жолу Олимпиада оюндарына катышкан (Рио-2016 жана Токио-2020). Ошондой эле 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында алтын жана күмүш байге уткан. 2 жолку Азия чемпиону болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Chagylgan7
2021-10-02 13:39:12
Кыргызстан поддержка дегенин п сын билбейт .Башка мамлекеттерде спортко жакшы конул болунгон.Бизде болсо озунун аракетинин артынан бир нерсеге жетет.Дарья Маслова деле поддержка жоктугунан кетип жатат да .Тем более аял башы менен
+1
Apyn8793
2021-10-02 14:09:57
Туура айтат. Колдош керек спорттун баардык турун. Жакшы конул бурбай коюшту окшойт.
+3
PFC-CSKA
2021-10-02 14:38:26
Жыйынтыктаганы окунучтуу. Сары кыз эмне менен алектенсен да ийгилик сага Кыргызстанга женип келген медалдарына рахмат !
+3
ZALKARBEK.84
2021-10-02 20:40:29
Карьерасын жыйынтыктаганы окунучтуу. Бирок олкого эн жакшы кызмат кылды, алтын тамгалар менен журогубуздо жазылып калды. Озуно окшогон кучтуу жоо кулукторду тарбиялап-остурот деген умуттомун. Уй булолук бакыт каалаймын. Азаматсын Дарья.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан