46 жаштагы көркөм гимнастика боюнча Дүйнө чемпиону Оксана Чусовитина спорттук карьерасын улантууну чечти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, спортчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына 2022-жылы боло турган Азия оюндарына катышарын билдирген.
"Баарына айткым келет. Мен 2022-жылы боло турган Азия оюндарына даярданууну чечтим. Өзбекстан үчүн медалсыз карьерамды токтото албайм", - деген Оксана Чусовитина.
Белгилей кетсек, ал 25-июлда Токио Олимпиадасындагы ийгиликсиз мелдешинен кийин карьерасын жыйынтыктап жатканын жарыялаган.
Чусовитина 1991-жылы СССРдин курама командасынын курамында эки жолку Дүйнө чемпиону болгон. 1992-жылы Барселонада өткөн Олимпиада оюндарында дебют жасап, СССРдин атынан алтын медалга ээ болгон.
2002-жылы спортчу үй-бүлөлүк себептерден улам Германияга көчүп барып, 2006-2012-жылдары Германиянын атынан мелдештерге катышкан. 2008-жылы "Пекин" Олимпиадасында ал күмүш медалга татыган.
Эске салсак, Жайкы Азия оюндары 2022-жылдын 10-25-сентябрында Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт.