Бишкектин Свердлов районундагы Аралский көчөсү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, 1-октябрдан тарта Аралский көчөсүнүн Элебесов көчөсүнөн Дачная көчөсүнө чейинки узундугу 470 метр жана туурасы 6 метр болгон тилке жабылды. Бул бөлүктө жөө адамдар үчүн тротуар жана жолдун бордюрлары, люктар жана түтүктөр орнотулат.
Эске сала кетсек, Свердлов районунун аймагында жол куруу иштери кадимкидей уланууда.