30-сентябрда борбор калаабыздагы ресторандардын биринде "Кыргызстан сулуусу-2021" сынагы болуп өттү.
Алтын менен күмүштөн жасалып, 5 миң долларды чапчыган таажынын ээси 5 жашынан тарта эле моделдик тармакта жүрүп, 20дан ашык сынактарга катышкан Алтынай Ботоярова маек төрүбүздө болду. "Кыргызстан сулуусу-2021" наамынан сырткары Алтынай Ботоярова 400 миң сомго сертификат алган. Сулуулардын арасынан суурулуп чыккан Алтынай менен жакындан баарлаштык.
"Сынактан кийин мага жаман дагы, жакшы дагы билдирүү жазгандар көбөйдү. Жаман жазгандар көрө албагандар деп эсептейм", - дейт ал.
Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.