6 баланын энесинин камакка алынышы: Бишкек ШИИББи анын кармалышынын себебин айтты

Камакка алынган Асыла Талипова жарандарга 904 миң 750 доллар зыян келтирген. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, шектүү жаран өзүн борбор калаадагы курулуш компаниялардын биринин негиздөөчүсү катары тааныштырып жарандардан акча алган. Буга чейин анын үстүнөн 18 адам арыз жазган жана келтирилген зыяндын орду толтурулган эмес.

"Жабырлануучулар Асыла Талипованы жоопко тартуу өтүнүчү менен бийликке бир нече жолу арыз менен кайрылышкан. 28-сентябрда тергөө учурунда аял үй камагына чыгарууну суранып, андан кийин дароо белгисиз тарапка дайынын чыгарбай кеткен. Милиция кызматкерлери анын кайда экенин аныктап, убактылуу кармоочу жайга киргизген", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары Бишкек ШИИББи Асыла Талипова буга чейин алдамчылык менен соттолгонун белгиледи.

Эске салсак, кечээ, 1-октябрда жактоочу Канат Хасанов алдамчылыкка шектелген 6 балалуу аялды бошотуу талабы менен Бишкек ШИИББдин имаратынын алдына жалгыз митингге чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Apyn8793
2021-10-02 20:46:53
Жегендин кусмагы бар, 6 баланы арам жол менен тапкан акчага багып
+8
Erlan_95
2021-10-03 01:06:08
Элди алдап атканда 6 баласын ойлошпойт. Эми бетине басып жаткан тура. Кээде ушулар атайын на жалость давить этиш учун эле торошот окшойт деп ойлоп кетем. Эми уй камагына чыкса дагы каоыздарын таратыш учун иштесе жакшы, кээ бирлер дагы кобуроок алдамчы болуп кетишчи эле
+3
Goodyer
2021-10-03 16:40:48
Мынабы уйгур дагы ар жерге мурдуну тыга берет экен даа хасанов
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан