Бүгүн, 2-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды.
Дүйнө чемпиондугуна Кыргыз өлкөсүнүн атынан эркин күрөш боюнча 61 килограмм салмакта катышкан Улукбек Жолдошбеков алгачкы жүрүшүндө эле монголиялык балбан менен кез келип, 7:7 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калган.
Кыргыз балбандын Дүйнө чемпиондугундагы мындан аркы жүрүшү монголиялык балбандан көз каранды болчу. Монголиялык балбан 1/8 финалда украиналык балбанды 4:1 эсебинде жеңип, 1/4 финалда Европанын учурдагы чемпиону, орусиялык Абасгаджи Магомедовго 10:1 эсебинде жеңилип калды.
Муну менен Улукбек Жолдошбеков Дүйнө чемпиондугундагы жүрүшүн токтотту.