Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго Lexus GX 460 үлгүсүндөгү жол тандабас унаа белек кылды. Бул тууралуу спорт журналисти Тахир Гафуров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирип, видео менен бөлүштү.
Анда айтылгандай, Мейрамбек Ахметов учурда Норвегиядагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда калыстык кызматты аркалап жүргөндүктөн унаанын ачкычын машыктыруучунун жубайына тапшырган.
"Бүгүнкү кечебизде Мейрамбек агай гана жетишпей турат. Бирок жаныбызда Күмүшкан эжебиз бар. Үй-бүлөбүздүн атынан агайга чакан белегибиз бар эле. Жакшылыкка айдаңыздар", - деген балбан Акжол Махмудов.