Бүгүн, 3-октябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында "UFC Vegas 38" турнири болуп өттү.
Бул турнирде кыргыз мушкери, UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченконун бир тууганы Антонина Шевченко австралиялык Кейси О'Нилл аттуу мушкер менен кез келип, беттештин экинчи бөлүгүндө техникалык нокаут менен жеңилип калды.
Бул 36 жаштагы кыргыз мушкеринин катары менен экинчи жана карьерасындагы төртүнчү жеңилиши. Ал эми анын атаандашы 2021-жылы 3 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетти.