Кечээ, 6-ноябрда эстрада ырчысы Сапар Эркебаев дос-тууганын кубантып Ош шаарында үйлөнүү тоюн өткөрдү. Эки жаштын тоюна ырчылар Замир Мырза, Өсөр Эшматов, Жеңиш Айтиев, Өктөм Сапар уулу, Жумагүл Райымжан кызы, Сайкал Садыбакасова, Данияр Эрматов, ошондой эле клипмейкер Эрнист Сыдыков, куудулдардан Санжар Бердибеков, Эрнис Бөрүбаев келип куттукташты. Сапардын досунун милдетин ырчы Замир Мырза аткарды. Тойдо жаш үй-бүлөгө Айгеримдин атасы Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир белек кылды. Мындан сырткары тойго конок катары ырчы Каныкей чакырылган.
Эскерте кетчү нерсе, Сапардын үйлөнүү-үлпөтү боюнча кененирээк маалыматты "Супер-Инфонун" эртеңки, 8-ноябрдагы №575-санынан тааныша аласыздар.