Футзал боюнча Кыргыз калысы Нурдин Букуев Литвада өтүп жаткан футзал боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешине негизги калыс болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, финалдык беттеш бүгүн, 3-октябра болот. Анда Дүйнө чемпиондугунун финалына учурдагы чемпион Аргентина менен Португалия курама командалары кез келет.
Ал эми Нурдин Букуев бул финалдык беттеште негизги калыстык милдетти аткарат. Ага Египеттен Хасан Мохамед жана Жаңы Зеландиядан Кристофер Синклер жардам беришет.
Букуев үчүн бул беттеш Дүйнө чемпиондугундагы башкы калыс катары үчүнчүсү болот.