Осло-2021: "Бирөө Азия чемпиону". Бүгүн эки кыргыз балбаны Дүйнө чемпиондугунда килемге чыгат

Бүгүн, 3-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери өтөт.

Бүгүнкү беттештерде Кыргыз өлкөсүнүн атынан эки балбан, тагыраагы 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов жана 79 килограмм салмакта Арсалан Будажапов килем үстүнө чыгат.

Алибек Осмонов алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда франциялык Марван Йезза аттуу балбан менен кез келет. Ал эми Арсалан Будажапов 1/16 финалда Валиев аттуу орусиялык балбан менен кез келет.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.

Арсалан Будажапов 2020-жылы Индияда өткөн Азия чемпиондугунда алтын медаль уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ErkinOkenovich
2021-10-03 11:16:52
Ийгилик жигиттер Кыргыздын желегин бийикке желбиретип журобергиле ар дайым
0
NURSAPAR
2021-10-03 12:54:27
Ийгилик жигиттер!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан